Айыл сапар. Насыя айылдыктарды эмгекке тарбияладыбы?

Автор: Расул, August 27, 2012

Айылга бара элегиме эки жылга жакындап калган эле. Быйыл бир жума эмгек өргүүсүн алып, айылга барып келдим.

Мындан эки жыл мурда Бишкектен Ат-Башыга чейинки жолдун абалы өтө начар болгондуктан, жолдо кетип бараткан машиналар сойлоп бараткан жыландын элесин берчү. Себеби Кытайдан жүк ташыган машиналар ансыз да жамачыланып бүткөн жолдун быт-чытын чыгарып, жеңил машинанын жүрүүсү такыр эле мүмкүн болбой калган.

Насыя алып аш-тойго баргандар эмгекчилдикке аз да болсо үйрөндү

Бишкектен айылдык таксист Таалай байке менен айылды көздөй сапар алдым. Машинасы 6 кишиге ылайыкташкан экен. Өзүн Салтанат деп тааныштырган эже «ат жалына казан асып» жолду катар ар кайсыны сүйлөп берип, жолдун кантип кыскарып атканын да байкабай калдык. Салтанат эже нарындын кызы, Чүйгө келин болгонун сай медиреп отурду.

­­­- Нарында эле өсүп чоңойдук. Ошентсек да кыргыз тилин ырастуу деле үйрөнө албаптырбыз. Нарында да орус мекепте окудум. Анын үстүнө Чүйгө келин болуп барганы кайын-журтум жалаң орусча сүйлөгөн немелер экен. Ошентип кыргыз тилин азыр деле ырастуу билбейм. Биздин катабызды кайталабай балдарым кыргыз тилин жакшылап үйрөнсүн деп жылыга жайкы каникулда аларды Нарынга алып келем.

Анын бул айткандарын таксидегилер да: «Ооба, кыргыз болгондон кийин кыргызча билиш керек. Эне тилин билбесе эмнеси кыргыз» деп колдоп атты. Күз келип калгандыктан аш-тойлор тууралуу да түрдүү пикирлер айтылды. Салтанат эже:

– Нарындыктарга эле жыргал. Күз келгенде банктан насыя алып аш-тойлорго барышат да, малы тоодон келгенден кийин аны төлөп беришет. Бул убакты насыя берген компания, банктардын ити чөп жеп, иши жылышат экен да.

– Азыр Теңир-Тоолуктардын малы көбөйүп, иштегендери ырас турмушта жашап атат. Иштебегендери мурдагыдай эле, деп таксинин алдыңкы орундугунда отурган Ишен байке сөзгө кошулду.

– Ошону айтып атпаймбы. Нарындыктардын малы банкка салган акчадай. Доллардын курсундай болуп, сезонго жараша кымбаттап, арзандап турат. Күз келгенде малдын баасы чыгып, Нарындыктар бир сыйра аш-тойго барып жыргап алышат, – деп сөздү андан ары Салтанат эже улантты.

– Малды сатып акчасын алган жакшы, бирок аны жакшы баа болуш үчүн багыш керек да. Ага да канча эмгек, убакыт кетет, – дедим. (Себеби атамдын кышында малга дары сатып алганын, чилде түшүп күн сууктап калды. Малга деп буудай менен арпа сатып алдым дегендерин акыркы жылдары көп уккан элем)

– Чынында малдын азабы көп, балам. Нарындыктарды жалкоо дегендерге эч түшүнбөйм. Чындап келгенде Теңир-Тоолуктар эң эмгекчил келишет. Мына кышты кыштай малын карап, ага күнүгө кам көрөт. Кыштын кычыраган 40 градус суугунда таңкы саат алтыда туруп ким эле мал карайт? Кышында ушинтип күн өтөт. Ага кошумча малдын тууту башталганда уйку дегенди унутуп да калабыз. Жайында мал жайлоого чыкканда кайрадан мал келгиче короо жайды тазалап, көң чаап башка иштерди жасайбыз. Күз келгенде кокуй, малдын тоютун камдаш керек деп ары бери чамкылап, малга тоют камдайбыз. Анан эле Нарындыктар жалкоо келет десе кээде арданып да кетем. Чынын айтканда Нарындыктар жылдын 4 мезгили боюнча тынбай эмгектенет, – дейт Ишен байке.

Таксист Таалай байке насыя алгандан бери эл эмгекчил болуп калганын айтып, мурдагыдай жамбаштап жаткандын бары жер тырмалап, мал-жан күтүүгө аракет кылып калганын айтып отурду.

– Мындан 4-5 жыл мурда эл чындап эле жарды болуп кеткен. Эмгектенген эч ким жок, талаалар айдалбай эле жатчу. Кээде чыккан чөп да чабылбай калчу.  Бу насыя дегениң жалкоону да эмгекчилдикке тарбиялайт экен. Бир четинен бул да ырас. Же болбосо көчө таптап, эртели кеч бир-бирин тооруп, 100 граммдан серп этип алып эле жүрүшчү. Насыя берген компанияларды биз канчалык жаман көрсөк да, элди иштермандыкка үйрөткөнүнө ыраазыбыз, – деп жолоочуларды бир сыйра күлдүрүп да алды.

Ар кайсыдан кеп козгоп атып Нарынга кантип жетип калганыбызды да байкабай калыптырбыз. Салтанат эже машинадан түшүп атып, «Эми «живой радио» бул жактан калат. Дудуктай болуп отура бербей кичине сүйлөшүп баргыла» – деп кайтадан бизди күлкүгө салды.

Кытайлар кумурскадай эле иштешет

Нарын – Ат-Башы жолундагы Кызыл-Бел ашуусунун жолу мен акыркы жолу айылга барганымда өтүүгө эч мүмкүн болбой калган эле. Жол жол эмей эле суу алып кеткен арыктардай болуп калыптыр болчу. Оор жүк ташыган кытай машиналары жолду болушунча иилеп салган. Таалай байке Кызыл-Белге жакындай бергенде: «Азыр жолдун абалы ырас болуп калды. Акырындык менен оңдоп атышат. Кытайлык жүк ташыган машиналар жолду бузса, кайра кытайлар өздөрү оңдоп берип атышат, ха-ха-ха. Бул кытайларың кумурскадан кийин эле талбай иштеген эл окшойт. Өзгөчө аялдары шумдук иштешет. 50 кг. цементтерди 5 кг. көтөргөндөй эле көтөрүп коюшат. Чынын айтканда мен да алардай көтөрө албайм».

Таксидегилер да Таалай байкенин айткандарына макул болушуп, «Булар тамакты да аз ичишет экен. Эгер жумушчу жалдап иштете турган болсоңор кытайларды алыш керек экен» – деп тамашалап отурушту.

Ошентип айылга да кантип жетип калганымды байкабай калдым. Талаада чөп жүктөп, чөмөлө салып иштеп жүргөн адамдарды көрүп, бир чети ичим жылып, бир четинен чындап эле айылдыктар эмгек кылып калганын байкап турдум.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.