Эки жаштын сезими ата-энесинин чечими алдында алсыз

Автор: Расул, января 28, 2013

СүйүүЖашоо бул күрөш деп бекеринен айтылбаса керек. Бул дүйнөгө келгенден баштап күрөшүп баштайбыз. Кас-кас басып калганда жерден туруп, өз алдынча басканга күрөшсөк, улам чоңойгон сайын турмуштун арабасына түшүп алып, жолдо далай-далай тоскоолдуктар менен күрөшөт экенбиз.

Мен бул жашоодо сезимдер менен чечимдер кантип бир-бири менен күрөшөрүн күнүмдүк турмушта болгон окуя менен салыштырып, силерге айтып бергим келди. Ооба, адам баласы биринчи кезекте өз бактысы үчүн күрөшөт. Ар бир адам бактылуу болууга, сүйүктүү жарынын жанында болгусу келет. Бирок ал бакытка жетүү канчалык оор, канчалык түмөн түйшүк экенин жакын санаалаштарымдын азыркы учурда башынан кечирип аткан турмушунан даана байкап отурам. Бул ойдон чыгарылган окуя эмес.

Буга чейин түндүк-түштүк маселеси да көп айтылып, көп жазылып, кызуу талкууланып да келди. Бирок канга синген каада-салттар, аркалык менен түштүктүк түшүнүгүнөн 21-кылымда жашап атсак да арыла албайт окшобойбузбу. Калп эле сыртыбыздан “ооба, андай болгон туура эмес, бөлүнбөш керек, биригишибиз керек” деген куру сөздөр, ачуу кыйкырыктар ошол гезит-журналдын беттеринде, радио-ТВнын кассеталарында сакталып гана кала берет тура. Антип кагаз жүзүндө, экранда кыйын болгонубуз менен чыныгы турмуш, түндүк-түштүк маселеси дагы да болсо бар экенин, болгондо да кээ бир аймактарда катуу экенин далилдеп атат.

Мен эки жаштын бир-бирине болгон сезимдери ата-энесинин чечимдери алдында алсыз болгондугу тууралуу жазгым келди. Ооба, алгач алар да биз да бактылуу болобуз, биз бир болобуз деген жакшы тилек, жакшы үмүттөр менен баш кошкон. Анда кимдин каяктан экени экөө үчүн тең маанилүү эмес болчу. Алар үчүн бир-бирине болгон мамилеси, бир-бирине болгон жылуу сезими, сүйүүсү, арзуусу маанилүү болчу. Экөө тең илим-билимдүү, 21-кылымдын заманбап жаштары деп айтууга болот. Маалында экөөнүн бир-бирине болгон мамилелери көргөн адамды суктандырчу. Азырчы… Ошол жалындаган көздөр, оргуштаган жылуу сезимдер отко суу сепкендей… Анан эмне кылат, өздөрү каалап турса да, ата-энесинин чечими алдында алсыз. Ата-эненин “Аны менен жашабайсың. Эгер аны менен кете турган болсоң топурагыбызды түйүп беребиз. Өлгөндө келбе, топурак салбай эле кой” деген жүрөктү жарып, сөөктүү сыздаткан сөздөр алдында эмне кыла алат. Аргасы да жок, амалы да жок. Ата-эне мээриминен эч кимдин айрылгысы келбейт.

Жо- жооок, өз баласына ушундай сөздөрдү айткан ата-эненин сөздөрүн ата-эне мээрими деп айтууга болобу? Билбейм. Ага жооп бере албайм. Менде бул суроого жооп жок…

Ар бир ата-эне балдарынын бактысын тилеп, алардын өмүрлүк жары жакшы адам болушун каалайт. Ооба, кимдин эле баласынын бозоруп отурганын кааласын. Анда эмнеге алардын турмушуна кийлигишип, күнүмдүк баскан турганына чейин кийлигишет? Мына турмуштун эң оор да, эң ачуу да суроосу ушул белем. Билбейм…

Адамды сөз бузат. Бул таамай айтылган сөз. Аны танып да кете албайбыз. Биздин бир чечим кабыл алуубузга, дүйнө таанымыбыздын кеңейишине бизди курчап турган, биз менен мамиле курган кишилердин берген таасири абдан чоң. Ошондуктан кишини киши бузат деп да айтылып калса керек.

 

Кайын эне менен келиндин мамилеси

Кайын эне… Келин… Кээде бул сөздөрдү бир-бирине каршы келген сөз катары кабыл алабыз. Эмнеге??? Балким биздин түшүнүгүбүздө келин кайын эненин бир үйдөгү каршылашы же душманы болуп жүрбөсүн. Эмнеге биз антип ойлойбуз? Балким коомдо калыптанып калган стереотиптерден дагы деле кутула албай келебизби? Мен деле көп нерсени билип, андап түшүнүп калдым. (Ушул 27 жашка чыкканга чейин көп эле кайын эне менен келинди көрдүм). Кээси келинине сөз тийгизбей, кызым деп өзүнө тартып турат. Кээси тескерисинче… Тилекке каршы. Эмнеге??? Билбейм.

Мени капа кылганы ата-энелер уулуна же кызына канчалык оор болгонун билип турса да, “жооок сен аны менен жашабайсың, сен биз таап, тандап берген кыз менен же бала менен жашайсың” деп айткан буйругу. Акыр аягы ал адам менен Сиздер эмес силердин балдар жашайт го. Сиздер келгенде “ата”, “апа” деп маңдайы жарылып жылуу тосуп алып, ысык чайын сунуп тургандын өзү бакыт болсо керек. (Минтип жазып атканымдын себеби, раматылык таенем ушуну көп айтаар эле. “Карыган кезде темселетпей мени балдарым багып отурат. Карыган адамга жылуу сөз менен эле жылуу чөөгүн чайдан өткөн ырахат жок да”, – деп көп айтаар эле. Ал сөздөрдүн маанисин ошондо түшүнбөсөм да, азыр эмне деп айткысы келгенин түшүнгөнгө аракет кылып атам).

Андыктан оргуштаган сезимдер, жалындагын сүйүү ата-эненин чечими алдында, буйругу алдында кантип өчүп баратканын көрүү мен үчүн оор. Сезим эч убакта өчпөсүн!

Расул Мурат

комментария 4

Андай окуялар коп болот. Бирок жабылуу аяк жабылууу бойдон калсын деп эч ким айтып чыкпайт. Ушул тууралуу тушунуктуу, ачык жазып бергенин учун авторго рахмат.

Автор: Айжан, дата: Понедельник января 28th, 2013 16:14. Ответить #

өлүмдөн башкасын оңдосо болот.

Автор: Случайный прохожий, дата: Вторник января 29th, 2013 11:05. Ответить #

Расул ада туура жазыптырсын. мен бир нерсени кошумчалай кетейин, эркектин чечкиндулугу, отумдуулугу коп жерде роль ойноп коет. озгочо ушундай абалдарда. эрек аялды коргой алам, камкордук коро алам деп озуно ишенгени учун колун сурайт. билген адамга дал ушул колун суроо деген эки ооз создо чон философия жатат. эркек кучтуу болгондо ата энесинен да кечпей келинчегин да ара жолго таштабай абалды жонго койсо болмок. чыгууга жолу жок кырдаал болбойт дейт эмеспи

Автор: Мира, дата: Среда января 30th, 2013 20:57. Ответить #

сиздин оюңузга кошулам. бирок менин оюмча эркек эле эмес, аял да чечкиндүүлүк кылса, ата-эне деле моюн сунуп макулдугун берет

Автор: Случайный прохожий, дата: Четверг января 31st, 2013 05:25. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.