Эки жаштын сезими ата-энесинин чечими алдында алсыз

Автор: Расул, Январь 28, 2013

СүйүүЖашоо бул күрөш деп бекеринен айтылбаса керек. Бул дүйнөгө келгенден баштап күрөшүп баштайбыз. Кас-кас басып калганда жерден туруп, өз алдынча басканга күрөшсөк, улам чоңойгон сайын турмуштун арабасына түшүп алып, жолдо далай-далай тоскоолдуктар менен күрөшөт экенбиз.

Мен бул жашоодо сезимдер менен чечимдер кантип бир-бири менен күрөшөрүн күнүмдүк турмушта болгон окуя менен салыштырып, силерге айтып бергим келди. Ооба, адам баласы биринчи кезекте өз бактысы үчүн күрөшөт. Ар бир адам бактылуу болууга, сүйүктүү жарынын жанында болгусу келет. Бирок ал бакытка жетүү канчалык оор, канчалык түмөн түйшүк экенин жакын санаалаштарымдын азыркы учурда башынан кечирип аткан турмушунан даана байкап отурам. Бул ойдон чыгарылган окуя эмес.

Буга чейин түндүк-түштүк маселеси да көп айтылып, көп жазылып, кызуу талкууланып да келди. Бирок канга синген каада-салттар, аркалык менен түштүктүк түшүнүгүнөн 21-кылымда жашап атсак да арыла албайт окшобойбузбу. Калп эле сыртыбыздан “ооба, андай болгон туура эмес, бөлүнбөш керек, биригишибиз керек” деген куру сөздөр, ачуу кыйкырыктар ошол гезит-журналдын беттеринде, радио-ТВнын кассеталарында сакталып гана кала берет тура. Антип кагаз жүзүндө, экранда кыйын болгонубуз менен чыныгы турмуш, түндүк-түштүк маселеси дагы да болсо бар экенин, болгондо да кээ бир аймактарда катуу экенин далилдеп атат.

Мен эки жаштын бир-бирине болгон сезимдери ата-энесинин чечимдери алдында алсыз болгондугу тууралуу жазгым келди. Ооба, алгач алар да биз да бактылуу болобуз, биз бир болобуз деген жакшы тилек, жакшы үмүттөр менен баш кошкон. Анда кимдин каяктан экени экөө үчүн тең маанилүү эмес болчу. Алар үчүн бир-бирине болгон мамилеси, бир-бирине болгон жылуу сезими, сүйүүсү, арзуусу маанилүү болчу. Экөө тең илим-билимдүү, 21-кылымдын заманбап жаштары деп айтууга болот. Маалында экөөнүн бир-бирине болгон мамилелери көргөн адамды суктандырчу. Азырчы… Ошол жалындаган көздөр, оргуштаган жылуу сезимдер отко суу сепкендей… Анан эмне кылат, өздөрү каалап турса да, ата-энесинин чечими алдында алсыз. Ата-эненин “Аны менен жашабайсың. Эгер аны менен кете турган болсоң топурагыбызды түйүп беребиз. Өлгөндө келбе, топурак салбай эле кой” деген жүрөктү жарып, сөөктүү сыздаткан сөздөр алдында эмне кыла алат. Аргасы да жок, амалы да жок. Ата-эне мээриминен эч кимдин айрылгысы келбейт.

Жо- жооок, өз баласына ушундай сөздөрдү айткан ата-эненин сөздөрүн ата-эне мээрими деп айтууга болобу? Билбейм. Ага жооп бере албайм. Менде бул суроого жооп жок…

Ар бир ата-эне балдарынын бактысын тилеп, алардын өмүрлүк жары жакшы адам болушун каалайт. Ооба, кимдин эле баласынын бозоруп отурганын кааласын. Анда эмнеге алардын турмушуна кийлигишип, күнүмдүк баскан турганына чейин кийлигишет? Мына турмуштун эң оор да, эң ачуу да суроосу ушул белем. Билбейм…

Адамды сөз бузат. Бул таамай айтылган сөз. Аны танып да кете албайбыз. Биздин бир чечим кабыл алуубузга, дүйнө таанымыбыздын кеңейишине бизди курчап турган, биз менен мамиле курган кишилердин берген таасири абдан чоң. Ошондуктан кишини киши бузат деп да айтылып калса керек.

 

Кайын эне менен келиндин мамилеси

Кайын эне… Келин… Кээде бул сөздөрдү бир-бирине каршы келген сөз катары кабыл алабыз. Эмнеге??? Балким биздин түшүнүгүбүздө келин кайын эненин бир үйдөгү каршылашы же душманы болуп жүрбөсүн. Эмнеге биз антип ойлойбуз? Балким коомдо калыптанып калган стереотиптерден дагы деле кутула албай келебизби? Мен деле көп нерсени билип, андап түшүнүп калдым. (Ушул 27 жашка чыкканга чейин көп эле кайын эне менен келинди көрдүм). Кээси келинине сөз тийгизбей, кызым деп өзүнө тартып турат. Кээси тескерисинче… Тилекке каршы. Эмнеге??? Билбейм.

Мени капа кылганы ата-энелер уулуна же кызына канчалык оор болгонун билип турса да, “жооок сен аны менен жашабайсың, сен биз таап, тандап берген кыз менен же бала менен жашайсың” деп айткан буйругу. Акыр аягы ал адам менен Сиздер эмес силердин балдар жашайт го. Сиздер келгенде “ата”, “апа” деп маңдайы жарылып жылуу тосуп алып, ысык чайын сунуп тургандын өзү бакыт болсо керек. (Минтип жазып атканымдын себеби, раматылык таенем ушуну көп айтаар эле. “Карыган кезде темселетпей мени балдарым багып отурат. Карыган адамга жылуу сөз менен эле жылуу чөөгүн чайдан өткөн ырахат жок да”, — деп көп айтаар эле. Ал сөздөрдүн маанисин ошондо түшүнбөсөм да, азыр эмне деп айткысы келгенин түшүнгөнгө аракет кылып атам).

Андыктан оргуштаган сезимдер, жалындагын сүйүү ата-эненин чечими алдында, буйругу алдында кантип өчүп баратканын көрүү мен үчүн оор. Сезим эч убакта өчпөсүн!

Расул Мурат

Кыргызстандын муфтийи болуп Рахматулла ажы Эгембердиев шайланды

Автор: Расул, Декабрь 18, 2012

15-декабрдагы Кыргызстан мусулмандарынын IV курултайында муфтий болуп Рахматулла ажы Эгембердиев шайланып, КМДБнын жаңы уставы кабыл алынды.

Кыргызстан мусулмандарынынын IV курултайында негизги эки маселе каралды. Алар: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставы жана муфтийди шайлоо.

Курултайга Кыргызстандын аймагынан бардыгы болуп 200 делегат жана коноктор чакырылган. Чакырылгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жана акыйкатчы Турсунбек Акун болду. Ошондой эле Орусия, Татарстан Казахстан, Тажикстан жана Түштүк Африка муфтиятынан өкүлдөр да катышты.

Кыргызстан мусулмандарынын уставын кабыл алуу абдан талаш-тартыш менен талкууга алынды. Өзгөчө уламалар кеңешинин мүчөлөрүн тандоо делегаттар арасында чоң талкуу жаратты. Уставдын жаңы долбооруна ылайык, уламалар кеңешинде 35 мүчө болот деп жазылган. Бирок, бул сан менен макул болгондор да болду. Делегаттардын бири уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 27 кылуу керек деп сунуштады. Анын бул сунушун бир катары колдосо көпчүлүгү колдогон жок. Мындай сунушту сунуштаган делегаттын айтымында, 27 мүчөсү болсо ар бир казыяттан үчтөн киши уламалар кеңешине кирмек. (Кыргызстан боюнча 9 казыят бар). Ошондо квоталар тең бөлүнүп, эч кандай талаш-тартыш да жаралмак эмес.

Ошентсе да мындай сунуш колдоо тапкан жок. Акырында делегаттар Уламалар кеңешинин мүчөсү 35 кишиден турсун деген устав долбоорун жактырышты. (Эскертсек, буга чейин да уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 35 болчу).

“Диний билим жоктор уламалар кеңешине мүчө болбосун”

Курултайдын эң кызуу талкуусу болуп, Уламалар кеңешине мүчөлөрдү тандоо болду. Уставдын жаңы долбооруна ылайык, Уламалар кеңешине квоталар ири облустарга 4, ал эми чакан облустарга 3төн квота каралган. Квота облустарга бөлгөндө төмөндөгүдөй болду: Чүй облусу – 4, Ош облусу – 4, Жалал-Абат – 4, Бишкек шаары – 4, Муфтиятка – 4 орун бөлүндү. Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен облусуна жана Ош шаарына 3төн орун каралган. Жалпы 35 квота.

Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов “Уламалар кеңеши жалпы Кыргызстандагы мусулмандардын атынан чечим кабыл алуучу орган. Андыктан ал жакка илим-билимдүү, такыба инсандар келүүсү керек” деген талабын айтты. Анын бул сунушу көпчүлүк делегаттар тарабынан колдоого алынды.

«КМДБнын буга чейинки уставында уламалар кеңешинин төрагасы муфтий боло алат» деп жазылган болсо, жаңы уставдын долбооруна ылайык муфтий уламалар кеңешин жетектей албайт.

Ош облусунан келген делегат уламалар кеңешине мүчө боло турган адам КМДБнын структурасында иштебеген киши болушу керек. Ошондой болгондо гана ал адам эч кимге көз каранды болбой, өз ишин аткарат деп билдирди. Бирок анын бул сунушу суу кечкен жок. Чүй облусунан келген делегат “Эгер ал адам казыят же мечитте иштебесе, анан кантип дин тармагындагы көйгөйлөрдү билип, туят. Андыктан бул сунуш туура эмес, УКга мүчө болчу адам дин тармагында иштеген киши болушу керек” деген оюн айтты. Анын бул сунушун көпчүлүгү колдоп, дин иштерине аралышып жүргөн киши гана мүчө болсун деген жалпы каалоосун айтышты.

Курултайды алып барууга жардамчы болгон Равшан ажы Эратов уставга ылайык, кандай киши УКга мүчө боло аларын айтты. “Уламалар кеңешинин мүчөлөрү курултайда шайланат. Алар диний илим боюнча жогорку билимдүү, калыс, адилеттүү, мусулмандар арасында аброю болгон киши гана УКга мүчө боло алат”, — дейт ал.

Ошентип ар бир аймактан көргөзүлгөн өкүлдөрдүн талапкерлиги курултай делегаттары тарабынан колдоого алынды. Ошол эле күнү 15-декабрда Уламалар кеңешинин алгачкы жыйыны болду.

Уламалар кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өттү

Кыргызстан мусулмандарынын IV курултайын чагылдырууга 10дон ашык журналисттер да жүрдү. Уламалар кеңешинин мүчөлөрү тандалгандан кийин алардын биринчи жыйыны болуп, анда муфтий шайланмак. УК жыйынына алгач журналисттер да кирип, ал жакта муфтийликке көргөзүлгөн адамдардын талапкерлиги ачык түрдө каралары айтылган. Бирок, УК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен журналисттер жыйындан чыгарылып, отурум жабык эшик артында өттү. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн бир гана акыйкатчы Турсунбек Акун гана отурумга көзөмөл кылуу үчүн калтырылды. КМДБнын жаңы уставына ылайык, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Жалпысынан муфтийлик кызматка 10 кишинин талапкерлиги көргөзүлгөн. Алардын ичинде Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов, муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин талапкерлиги да болду. Муфтийликке талапкерлер УК мүчөсү тарабынан каралды. Талапкерлердин арасында өз ыктыяры менен 6 талапкер баш тартты. Алардын бири Абдышүкүр Нарматов. Уламалар кеңеши 4 талапкердин ичинен муфтийлекке татыктуу деп Рахматулла ажы Эгембердиевди тандады. Аны колдоп, УК мүчөлөрүнүн 25и макул деп добушун берсе, 8 мүчө калыс деген добушун берген.

Ошентип, 15-декабрда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын IV курултайында муфтий болуп Рахматулла ажа Эгембердиев шайланды.

Айыл сапар. Насыя айылдыктарды эмгекке тарбияладыбы?

Автор: Расул, Август 27, 2012

Айылга бара элегиме эки жылга жакындап калган эле. Быйыл бир жума эмгек өргүүсүн алып, айылга барып келдим.

Мындан эки жыл мурда Бишкектен Ат-Башыга чейинки жолдун абалы өтө начар болгондуктан, жолдо кетип бараткан машиналар сойлоп бараткан жыландын элесин берчү. Себеби Кытайдан жүк ташыган машиналар ансыз да жамачыланып бүткөн жолдун быт-чытын чыгарып, жеңил машинанын жүрүүсү такыр эле мүмкүн болбой калган.

Насыя алып аш-тойго баргандар эмгекчилдикке аз да болсо үйрөндү

Бишкектен айылдык таксист Таалай байке менен айылды көздөй сапар алдым. Машинасы 6 кишиге ылайыкташкан экен. Өзүн Салтанат деп тааныштырган эже «ат жалына казан асып» жолду катар ар кайсыны сүйлөп берип, жолдун кантип кыскарып атканын да байкабай калдык. Салтанат эже нарындын кызы, Чүйгө келин болгонун сай медиреп отурду.

­­­- Нарында эле өсүп чоңойдук. Ошентсек да кыргыз тилин ырастуу деле үйрөнө албаптырбыз. Нарында да орус мекепте окудум. Анын үстүнө Чүйгө келин болуп барганы кайын-журтум жалаң орусча сүйлөгөн немелер экен. Ошентип кыргыз тилин азыр деле ырастуу билбейм. Биздин катабызды кайталабай балдарым кыргыз тилин жакшылап үйрөнсүн деп жылыга жайкы каникулда аларды Нарынга алып келем.

Анын бул айткандарын таксидегилер да: «Ооба, кыргыз болгондон кийин кыргызча билиш керек. Эне тилин билбесе эмнеси кыргыз» деп колдоп атты. Күз келип калгандыктан аш-тойлор тууралуу да түрдүү пикирлер айтылды. Салтанат эже:

— Нарындыктарга эле жыргал. Күз келгенде банктан насыя алып аш-тойлорго барышат да, малы тоодон келгенден кийин аны төлөп беришет. Бул убакты насыя берген компания, банктардын ити чөп жеп, иши жылышат экен да.

— Азыр Теңир-Тоолуктардын малы көбөйүп, иштегендери ырас турмушта жашап атат. Иштебегендери мурдагыдай эле, деп таксинин алдыңкы орундугунда отурган Ишен байке сөзгө кошулду.

— Ошону айтып атпаймбы. Нарындыктардын малы банкка салган акчадай. Доллардын курсундай болуп, сезонго жараша кымбаттап, арзандап турат. Күз келгенде малдын баасы чыгып, Нарындыктар бир сыйра аш-тойго барып жыргап алышат, — деп сөздү андан ары Салтанат эже улантты.

— Малды сатып акчасын алган жакшы, бирок аны жакшы баа болуш үчүн багыш керек да. Ага да канча эмгек, убакыт кетет, — дедим. (Себеби атамдын кышында малга дары сатып алганын, чилде түшүп күн сууктап калды. Малга деп буудай менен арпа сатып алдым дегендерин акыркы жылдары көп уккан элем)

— Чынында малдын азабы көп, балам. Нарындыктарды жалкоо дегендерге эч түшүнбөйм. Чындап келгенде Теңир-Тоолуктар эң эмгекчил келишет. Мына кышты кыштай малын карап, ага күнүгө кам көрөт. Кыштын кычыраган 40 градус суугунда таңкы саат алтыда туруп ким эле мал карайт? Кышында ушинтип күн өтөт. Ага кошумча малдын тууту башталганда уйку дегенди унутуп да калабыз. Жайында мал жайлоого чыкканда кайрадан мал келгиче короо жайды тазалап, көң чаап башка иштерди жасайбыз. Күз келгенде кокуй, малдын тоютун камдаш керек деп ары бери чамкылап, малга тоют камдайбыз. Анан эле Нарындыктар жалкоо келет десе кээде арданып да кетем. Чынын айтканда Нарындыктар жылдын 4 мезгили боюнча тынбай эмгектенет, — дейт Ишен байке.

Таксист Таалай байке насыя алгандан бери эл эмгекчил болуп калганын айтып, мурдагыдай жамбаштап жаткандын бары жер тырмалап, мал-жан күтүүгө аракет кылып калганын айтып отурду.

— Мындан 4-5 жыл мурда эл чындап эле жарды болуп кеткен. Эмгектенген эч ким жок, талаалар айдалбай эле жатчу. Кээде чыккан чөп да чабылбай калчу.  Бу насыя дегениң жалкоону да эмгекчилдикке тарбиялайт экен. Бир четинен бул да ырас. Же болбосо көчө таптап, эртели кеч бир-бирин тооруп, 100 граммдан серп этип алып эле жүрүшчү. Насыя берген компанияларды биз канчалык жаман көрсөк да, элди иштермандыкка үйрөткөнүнө ыраазыбыз, — деп жолоочуларды бир сыйра күлдүрүп да алды.

Ар кайсыдан кеп козгоп атып Нарынга кантип жетип калганыбызды да байкабай калыптырбыз. Салтанат эже машинадан түшүп атып, «Эми «живой радио» бул жактан калат. Дудуктай болуп отура бербей кичине сүйлөшүп баргыла» — деп кайтадан бизди күлкүгө салды.

Кытайлар кумурскадай эле иштешет

Нарын – Ат-Башы жолундагы Кызыл-Бел ашуусунун жолу мен акыркы жолу айылга барганымда өтүүгө эч мүмкүн болбой калган эле. Жол жол эмей эле суу алып кеткен арыктардай болуп калыптыр болчу. Оор жүк ташыган кытай машиналары жолду болушунча иилеп салган. Таалай байке Кызыл-Белге жакындай бергенде: «Азыр жолдун абалы ырас болуп калды. Акырындык менен оңдоп атышат. Кытайлык жүк ташыган машиналар жолду бузса, кайра кытайлар өздөрү оңдоп берип атышат, ха-ха-ха. Бул кытайларың кумурскадан кийин эле талбай иштеген эл окшойт. Өзгөчө аялдары шумдук иштешет. 50 кг. цементтерди 5 кг. көтөргөндөй эле көтөрүп коюшат. Чынын айтканда мен да алардай көтөрө албайм».

Таксидегилер да Таалай байкенин айткандарына макул болушуп, «Булар тамакты да аз ичишет экен. Эгер жумушчу жалдап иштете турган болсоңор кытайларды алыш керек экен» — деп тамашалап отурушту.

Ошентип айылга да кантип жетип калганымды байкабай калдым. Талаада чөп жүктөп, чөмөлө салып иштеп жүргөн адамдарды көрүп, бир чети ичим жылып, бир четинен чындап эле айылдыктар эмгек кылып калганын байкап турдум.

Кыргызстандык зыяратчыларды «КыргызТрансАвиа» авиакомпаниясы ташый турган болду

Автор: Расул, Июль 31, 2012

Кыргызстандык зыяратчыларды ажылыкка КыргызТрансАвиа компаниясы ташый турган болду. Мындай чечим зыяратчыларды ажылыкка алып барып келүү укугун алуу боюнча өткөн жыйында тендердик комиссия чыгарды.  Тендерге КыргызТрансАвиа жана Air Manas авиакомпаниясы катышты. Буга чейин зыяратчыларды ташуу укугун алуу боюнча тендерге катышууга «Кыргызстан» жана «КыргызТранс Авиа» авиакомпаниялары билдирген. Бирок бул тендерге «Кыргызстан» авиакомпаниясы катышкан жок.  Быйылкы ажылык сапар баасы 1450 доллар болуп белгиленди.  Учурда кыргызстандык зыяратчылар үчүн 4500 квота бөлүнгөн. Ал эми кошумча бөлүнө турган 500 квота Орозодон кийин чечилет.

Кыргызстандык зыяратчыларды ажылыкка КыргызТрансАвиа компаниясы ташый турган болду. Мындай чечим зыяратчыларды ажылыкка алып барып келүү укугун алуу боюнча өткөн жыйында тендердик комиссия чыгарды.

Тендерге КыргызТрансАвиа жана Air Manas авиакомпаниясы катышты. Буга чейин зыяратчыларды ташуу укугун алуу боюнча тендерге катышууга «Кыргызстан» жана «КыргызТранс Авиа» авиакомпаниялары билдирген. Бирок бул тендерге «Кыргызстан» авиакомпаниясы катышкан жок.

Быйылкы ажылык сапар баасы 1450 доллар болуп белгиленди.

Учурда кыргызстандык зыяратчылар үчүн 4500 квота бөлүнгөн. Ал эми кошумча бөлүнө турган 500 квота Орозодон кийин чечилет.